21.10.2019 09:00

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти 

Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти 

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда иш сапар менен Японияга учуп кетти. Бул туурасында президент аппаратынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. 

Ошондой эле иш сапардын алкагында, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.